Жаңылыктар
18.10.2025 18:22
Кароолор: 294
БАК ТИГҮҮ - ТАЗА КЕЛЕЧЕКТИН КЕПИЛИ!
Бүгүн, 18-октябрда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө караган №9 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн айланасына көчөттөр отургузулду.
Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жагымдуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган бак тигүү иш-чарасына Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов, БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү жана ӨКМдин өздүк курамы катышты.
Белгилей кетсек, борборубуздагы Ак-Өргө конушунда жайгашкан бул бөлүк аталган эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен курулуп, өткөн жылдын декабрь айында ачылган. Үч кабаттуу жаңы имаратта өрт өчүрүүчү, куткаруучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана заманбап өрт өчүрүүчү унаалар, атайы күжүрмөн кийимдер менен камсыздалган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР