Жаңылыктар
18.02.2025 11:54
Кароолор: 139
БААТЫРЛАР БИЗДИН АРАБЫЗДА!
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө Ооган согушунун ардагерлери менен куткаруучулар жолугушуусу өткөрүлдү.
Бул иш-чара 15-февраль - Ооганстандан Советтик аскерлеринин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата, жаш муундарды патриоттуулукка жана Ата Мекенди сүйүүгө чакыруу максатында уюштурулду.
Анда ардагерлер Баатырбек Элебесов, Курманбек Бекеев куткаруучуларга акыл насааттарын айтып, көз алдында өткөн окуялар менен бөлүшүштү. Ошондой эле алар биринчи орунда адам өмүрүн сактап калууну туу туткан куткаруучулрдын эбегейсиз ишин баалап, ийгиликтерди каалашты.
Бул жолугушуу куткаруучуларды патриоттуулукка үндөп, мекенчилдик сезимдерин жогорулатууга өбөлгө түздү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР