Жаңылыктар

10.01.2024 10:25

   Кароолор: 818

АЖАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТКЕН НАРИСТЕ КУТКАРЫЛГАН

АЖАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТКЕН НАРИСТЕ КУТКАРЫЛГАН

 

ЫКЧАМДЫК, КҮЖҮРМӨНДҮК МЕНЕН ЭРДИК ЖАСАГАН ӨКМ КУТКАРУУЧУСУ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, улук лейтенант Бектур Шамшиев ажатканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган.

Окуя 2023-жылдын 20- сентябрында Оштун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында орун алган. Жерине барган куткаруучулар ажаткананын тешиги кичине болгондуктан, ыкчам түрдө атайы шайман менен калыңдыгы 30 см болгон бетон полун тешкен соң Бектур ичине кирип, наристени аман-эсен алып чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган эрдигин эске алуу менен Бектур Шамшиевге 2023-жылдын 29-декабрь күнү, кезексиз Капитан аскердик наамын ыйгарган.

Министрлик гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли ишеним артып, күнү-түнү түрдүү кырдаалдарда, татаал шарттарда, өрттө, сууда адам өмүрүн сактап калган тажрыйбалуу куткаруучулары менен сыймыктанат!

📹Видеодо ӨКМдин өздүк булагынын жана Osh.live материалы колдонулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу