Жаңылыктар
23.09.2024 14:49
Кароолор: 720
АЖАТКАНАГА ТҮШҮП КЕТКЕН НАРИСТЕ КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу “Рухий Мурас” конушунда ажатканага түшүп кеткен 2021-жылы туулган бала аман эсен куткарылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу жерине тартылып, атайы шаймандардын жардамында ажаткананын ичине кирип, баланы аман эсен алып чыгып беришкен.
Баланын абалы туруктуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР