Жаңылыктар

20.12.2024 12:17

   Кароолор: 347

АЗАМАТА МАМБЕТОВ ЕККУнун КООРДИНАТОРУ БАКЫТ ЖУСУПОВ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ЕККУнун экономикалык жана экологиялык ишмердүүлүгү боюнча координатору Бакыт Жусупов менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө тараптар кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана алдын алуу, экология маселелери тармагындагы кызматташтыктын маанилүү учурларын талкууга алып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнүн таасирдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле экологиялык демилгелерди өнүктүрүү үчүн биргелешип иш алып барууну жигердүү улантуу жөнүндө сүйлөштү.

Тараптар белгилегендей, айлана-чөйрөнү коргоо, экологияны таза сактоо жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу – учурдагы негизги маселелердин бири. Бул көйгөйлөрдү көптөгөн өлкөлөр башынан өткөрүүдө, анын ичинде Кыргызстан дагы бар.

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылууда ЕККУнун салымы өтө чоң экенин белгилеген ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов аталган эл аралык уюм менен мындан ары да табигый кырсыктарга каршы турууга, анын кесепеттерин азайтууга жана экологиялык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган биргеликтүү долбоорлордун алкагында иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

ЕККУ координатору өз кезегинде аймактык кызматташтыкты чыңдоо, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, табигый кырсыктарды башкаруу боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүү негиздерине токтолду.

Жолугушууда коопсуздукту жогорулатуу, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуучу технологияларды жана инновациялык чечимдерди жайылтуу боюнча конкреттүү демилгелер талкууга алынып, жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташуунун мындан аркы келечегине ишеним артышты.

КР ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу