Жаңылыктар
28.11.2024 19:08
Кароолор: 136
АЗАМАТ МАМБЕТОВ ӨКМдин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРДИ
Sputnik Кыргызстан маалыматтык агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов менен брифинг өткөрдү. Брифингде ал журналисттерге министрликтин 2025-жылга карата пландары, быйылкы жылда катталган табигый өзгөчө кырдаалдарга, техногендик кырсыктарга жана ӨКМге караштуу мекемелердин ишмердүүлүгүнө токтолду.
Азамат Мамбетов учурда министрликтин ээлигиндеги тик учактар адам жете албаган бийик тоолуу аймактагы издеп-куткаруу иштерине чыгып, куткаруучуларга бир кыйла жеңилдик болгонуна токтолду.
Акыркы жылдары сатып алынган техникалар кырсыктарды азайтууга зор салым кошуп жатканын белгилеп, көбүрөөк суу баткан өрт өчүрүүчү автоунаалар жана автошатылар менен өрттү мурункудан тез өчүрүүгө шарт түзүлгөнүн мисал келтирди.
Алдыда Дүйнөлүк Банк аркылуу экскаваторлор, бульдозерлор, дарыя жээктерин бекемдөөчү инженердик техникалар, адистештирилген унаалар алынарына токтолду
“Быйыл республикада 130 ири өзгөчө кырдаал катталып, андан 67 адам көз жумган. Кыргызстан 2024-жылы өзгөчө кырдаалдардан жалпысынан 1 миллиард 340 миллион сом зыян тартты. Мындан тышкары, 2,5 миңге чукул ар кандай өрт, жол, суудагы кырсыктары катталган. Натыйжада 251 киши каза болгон. 335 ирет сел жүрүп, 22 адамдан ажырадык. Көбү кичинекей балдар менен өспүрүмдөр", - деди Азамат Мамбетов.
Кенен маалымат төмөндө
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР