Жаңылыктар
08.06.2024 10:25
Кароолор: 378
АЗАМАТ МАМБЕТОВ ГЛОБАЛДЫК ЖАШЫЛ ӨНҮГҮҮ ИНСТИТУТУНУН ЖЕТЕКЧИСИ ФРАНК РИЙБЕРСМАНДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
6-июнда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов менен Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун (GGGI) башкы директору Франк Рийберсман мырз менен жолугушту.
Азамат Мамбетов Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун өкүлдөрүн жылуу кабыл алып, акыркы мезгилде болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөргө токтолуп, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюу, кырсыктардын алдын алуу жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Жолугушунун жүрүшүндө институт тарабынан сунушталган “Борбор Азиядагы суу ташкындарды жана кургакчылыкты башкаруунун инновациялык акылдуу ыкмаларын киргизүү аркылуу климаттын туруктуулугун жогорулатуу» долбоору талкуулашты..
Дүйнөдөгү саат сайын өзгөрүп жаткан климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, анын кесепетинен жаралган табигый кырсыктарга адамдардын жана коомчулуктун туруктуулугун бекемдөөгө, жаралган маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун изилдеп колдонууга багытталган долбоорлор өлкөбүзгө керектигин билдирди.
Ошону менен бирге, суу ресурстарын да инновациялык ыкмалар менен башкаруу натыйжаларынын негизинде климаттын тобокелдигин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишеним артты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, тараптар табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюу, кырсыктардын алдын алуу жаатында эки тараптуу кызматташууну тереңңдетүүнү баса белгилешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР