Жаңылыктар
19.06.2024 15:34
Кароолор: 531
АЗАМАТ МАМБЕТОВ БУУнун ЕВРОПА жана БОРБОРДУК АЗИЯ БОЮНЧА БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ АБДУЛ ХАК АМИРИНИ КАБЫЛ АЛДЫ
Кечээ, 18-июнда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Абдул Хак Амири мырзаны кабыл алды.
Азамат Мамбетов БУУнун Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнө буга чейинки тыгыз кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанда табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюу, кырсыктардын алдын алуу жаатында ӨКМдин ролу зор экендигине токтолду.
Мындан сырткары куткаруучулардын ИНСАРАГ уюмуна мүчө болууга даярдыгын, гуманитардык иштердин учурдагы абалын, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатууну талкуулашты
Жолугушунун жүрүшүндө дүйнөдөгү саат сайын өзгөрүп жаткан климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, анын кесепетинен жаралган табигый кырсыктарга адамдардын жана коомчулуктун туруктуулугун бекемдөөгө, жаралган маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун изилдеп колдонуу өлкөбүзгө керектигин билдирди.
Өз кезегинде Абдул Хак Амири мырза министрлик менен кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кырсык тобокелдиктерин азайтууга умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
Жолугушуунун аягында А. Мамбетов иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирип, бардык катышуучуларга маанилүү иштерине ийгиликтерди каалады.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, тараптар табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюу, кырсыктардын алдын алууну жаатында эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнү баса белгилешти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР