Жаңылыктар
08.10.2025 15:40
Кароолор: 258
АЗАМАТ МАМБЕТОВ: “БИЗДИН МАКСАТ – АР КАНДАЙ ЧАКЫРЫКТАРГА ДАЯР, ТУРУКТУУ МАМЛЕКЕТТИ КУРУУ
“5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштуруп жаткан VI Илимий-практикалык конференцияда Кыргызстандагы табигый, техногендик кырсыктарды азайтуу системасында эл аралык тажрыйбаларды жана инновацияларды интеграциялоо, кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы аракеттер талкууланды.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов белгилегендей, бул күн - жарандардын коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү үчүн жалпыбыздын жоопкерчилигибизди эске салган маанилүү күн. “Биздин максат – ар бир жаран коопсуздукту камсыздоодо өзүнүн ролун түшүнгөн, ар кандай чакырыктарга даяр, туруктуу мамлекетти куруу”, - деди ал.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР