Жаңылыктар
22.01.2025 21:38
Кароолор: 726
АВТОБЕКЕТТЕРДЕ ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Урматтуу айдоочулар, жүргүнчүлөр!
Бишкек – Ош жолундагы кар көчкү кооптуулугу жоюлгуча, тоолуу райондордо аба ырайы турукташкыча алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз.
Учурда Бишкек, Ош шаарларынын, Талас жана башка облустардын автобекеттеринде айдоочуларга, таксисттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдогу табигый кырдаалдарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо менен өзүңүздүн жана жакындарыңыздын, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, адам өмүрүн сактоону камсыздаңыздар.
Баарынан адам өмүрү кымбат экендигин эстен чыгарбаңыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР