Жаңылыктар

05.11.2024 17:19

   Кароолор: 504

АВТОБЕКЕТТЕ ЖАЙКЫ ДӨҢГӨЛӨКЧӨН АЙДООЧУЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ

Үстүбүздөгү жылдын 5-8-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу ӨКМдин Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек автобекетинде жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустардын жана жеңил унаалардын айдоочуларына жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежерелери тууралуу нускамалар өткөрүлдү.

Түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө унаалардын дөңгөлөктөрү текшерилип, алыскы жолго чыгууга жана кыш мезгилине даярдыгын көрүп чыгышты.

Анда белгилүү болгондой, унаалардын дээрлик көбүнүн дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылган. Арасында жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айрым айдоочулар болду. Аларга тез аранын ичинде алмаштыруу сунушу берилип, тайгак боло турган тоолуу тилкелерде коопсуздук чараларын туура сактоо керектиги эскертилди.

Ошондой эле дөңгөлөк чынжырчасын сала жүрүүнү жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоону эскертишти.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында 5-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы -7ден -11 градуска чейин төмөндөрү маалымдалган.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу