Жаңылыктар

01.08.2025 21:05

   Кароолор: 58

АТТАН КУЛАП, ЖАЙЛООДО КАЛЫП КАЛГАН ЖАРАНДЫ КУТКАРЫП КАЛЫШТЫ

Бүгүн, 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы Четинди жайлоосунда 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран аттан кулап, натыйжада белин оорутуп алгандыктан жайлоодон түшө албай калган. Бул тууралуу маалымат 112 номерине келип түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Балыкчы шаардык Nº19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранга алгачкы жардам көрсөтүү менен жайлоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР Ысык-Көл башкармалыгы

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу