Жаңылыктар
23.08.2025 20:35
Кароолор: 210
АТАЙЫН-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУГА 153 КУТКАРУУЧУ КАТЫШТЫ
22-23-августта Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Аю-Фарм” ишканасынын аймагында ӨКМдин Чүй облусу боюнча, Бишкек шаардык башкармалыктарынын жана Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун өздүк курамдарынын катышуусунда биргелешкен атайын-тактикалык машыгуу болуп өттү.
“Жер титирөө катталган учурда жабыр тарткан жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча өздүк курамдын иш-аракеттери” деп аталган пландан тышкаркы бул машыгуу куткаруучулардын кырсык учурунда алгачкы тактикалык ыкмаларын жана күжүрмөн даярдыктарын чыңдоо максатында өтүп, машыгуу күндүзү жана түнкүсүн жүргүзүлдү. Бул тактикалык машыгууга ӨКМдин 15 техника, 153 куткаруучу катышты.
Куткаруучулардын кырсык учурундагы күжүрмөн даярдыгы төмөндөгү видеодо көрсөтүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР