Жаңылыктар
24.11.2023 10:00
Кароолор: 978
АТА МЕКЕНИМ ҮЧҮН АНТ БЕРЕМ! ЖҮРӨГҮ МЕКЕН ДЕП СОККОН ЖООКЕРЛЕР АНТ БЕРИШТИ
Бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда жаңы кабыл алынган аскерлердин ант берүү салтанаты өттү.
Салтанатка министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов катышып, бир айга жакын аскердик даярдыктан өткөн жоокерлердин ант берүүсүн кабыл алды. Ошондой эле болочоктогу куткаруучу жоокерлердин ата-энелери, туугандары да бул майрамдык иш-чарага катышышты. Ант берүү расмиси аяктаган соң полковник Урматбек Шамырканов борбордун тарыхына токтолуп, учурда аскердик мекеме кандай иш алып барарын баса белгиледи.
“Ата Мекен алдында ант берүү, аны коргоо ар бир жарандын милдети. Жүрөгү мекен деп соккон жоокерлер ант бүгүн бердиңиздер. Антыңарды бекем сактагыла жоокерлер! Ар бир эр-азамат аскердик милдетин аткарып, өлкөнүн, элдин коопсуздугу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт. Бир жыл бою Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборго келген жоокерлер саптык даярдыктан өтүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, тоодон, суудан куткаруу, табигый жана техногендик кырсыктардан жабыркагандарды куткаруу ыкмаларын толук өздөштүрүшөт.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев демилгелеген кошумча кесиптерге ээ болуу ишке ашты. Жоокерлерибиздин бир жылы текке кетпей англис, түрк тилдерин үйрөнүүгө шарт түзүлүп, электрик, ширетүүчү кесиптеринин ээси болуп, алгачкы кесиптик билим менен кайтышты”, - деген замминистр Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун тарыхына да кеңири токтолду.
Анын айтымында, Орто Азия өлкөлөрүнөн биринчилерден болуп Кыргызстанда Москва районунун Садовое айылында Атайын механизациялаштырылган жарандык коргонуу бригадасы түзүлгөн. Бригададан Куткаруучуларды даярдоочу борборду бөлүп, нечендеген куткаруучулар даярдалды. Бүгүн нөөмөттөгү жоокерлердин катарынан өнүгүүгө салым кошкон мыкты жетекчилерден да уучубуз кур эместигин жана боордош түрк элине биздин куткаруучулар баатырдык менен жардам бергенин айтып өттү. Ошондой эле ал бул жердеги жаш жоокерлердин катарынан мыкты кадрлар, мыкты жетекчилер өсүп чыгарына токтолду.
Ант берүүнүн расмий бөлүгү аяктаган соң жетекчилер ата-энелер менен бирдикте жоокерлердин окуу бөлмөлөрүн, жатаканасын, ашканасын көрүп чыгып, аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР