Жаңылыктар

29.11.2024 12:56

   Кароолор: 484

АТА МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ КЫЛАМ!.. АНТЫҢДЫ БЕКЕМ КАРМА, ЖООКЕР!

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Респбликалык өзүнчө куткаруу отрядында күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин ант берүү салтанаты өттү.

“Мекенге ак ниеттүүлүк менен кызмат кылуу жоокердин башкы милдети! Ата Мекенди коргоого арнаган кызматыңарды ар дайым ийгиликтер коштосун. Урматтуу жоокерлер, берген антыңарга бек тургула!”, - деп куттуктаган подполковник М.Эргешов жаш жоокерлерге отряд тууралуу кененирек маалымат берди.

Анын айтымында, аскердик антка келтирүүгө чейин бир айдын ичинде жаш жоокерлер аскердик кызматка зарыл болгон билимди, саптык тизилүү, дене-тарбия, ок атуу ыкмаларын жана жалпы аскердик уставдардын беренелерин, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүшкөн.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин куттуктоосун Жарандык коргонуунун аскерлерин жана күчтөрүн даярдоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник З. Нарчаев: "Мекенди коргоо – ар бир жоокердин ыйык милдети! Кыргызстандын көз карандысыздыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн ар бир атуул баалаш керек. Аны кастарлай, барктай билели. Сиздер аскердик милдетиңерди мекен алдында ак ниеттүүлүк менен өтөп, элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылыңыздар!”, - деп жеткирди жоокерлерге.

Ант берүү салтанатында ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник Э.Мусаев, Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын башчысы подполковник С.Мамаев, шаардык башкармалыктын башчысынын орун басары, подполковник А.Гүлжигитов жана запастагы подполковник Ж. Жумабаев, жаш жоокерлердин ата-энелери катышып, жоокерлердин даярдыктарына, коштогон ыр-күүлөрүнө күбө болушту.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу