Жаңылыктар

08.11.2024 19:58

   Кароолор: 109

АТА-БАЛАНЫ ИЗДӨӨ ИШИ ЭРТЕҢ УЛАНАТ

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголуп жаткан ата-баланы издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 9-ноябрда уланат.

Издөө ишине ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 4 адам, жалпы 14 адам чыгышты.

Ошондой эле 6 рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux АКУ унаасы тартылды.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө тынымсыз уланууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу