Жаңылыктар
13.10.2023 14:29
Кароолор: 326
АТ-БАШЫНЫН ТОЙКАНАЛАРЫНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ
ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тапшырмасы менен Ат-Башы райондук ӨКБнүн офицердик курамы, Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору менен район аймагындагы жайгашкан ресторан, кафелер өрт кырсыктарын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүштү.
Тойканалардагы кардардын, аларды тейлеген ашпозчу, официанттардын өмүрүн жана имараттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүүчү шаймандар, эвакуациялык пландар, гидранттар, электр приборлору жана башка керектүү жабдыктар текшерилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө тейлөөчүлөргө өрт коопсуздук эрежеси тууралуу түшүндүрмө берип, нускамалар таратылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР