Жаңылыктар
08.11.2024 10:53
Кароолор: 127
АТ-БАШЫДАГЫ “КЫНДА” АШУУСУ ЖАБЫЛДЫ
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымындагы “Кында” ашуусу 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды.
Мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2024-жылдын 6-ноябрындагы №249-б буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.
Иллюстрациялык сүрөт колдонулду
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР