Жаңылыктар
13.05.2025 18:24
Кароолор: 221
АТ-БАШЫДА КАТУУ ШАМАЛ КӨП БАТИРЛҮҮ ҮЙДҮН ЧАТЫРЫН УЧУРДУ
Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 13-майда саат 15:00 чамасында Ат-Башы айылында чыгыштан-батышка ылдамдыгы секундасына 16-19 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды.
Анын кесепетинен Ат-Башы айлынын Абыкеев көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн 150 чарчы метр тунике менен жабылган чатырын учурап кетти. Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө. АКТ 14-май күнү түзүлөрү белгилүү болду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБО