Жаңылыктар
26.05.2025 16:24
Кароолор: 184
АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ЖАРЫК-ТАШ ТИЛКЕСИНДЕГИ СЕЛ КАНАЛ ТАЗАЛАНУУДА
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылында кечээ, 25-майда Жарык-Таш учаскасындагы сел өткөрүүчү каналын механикалык тазалоо иши башталды.
Бул иш-чаралар 2025-жылга бекитилген өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу планынын негизинде жүрүүдө. Ал үчүн ӨКМден 1 даана эксковатор, 1 даана трал техникасы менен 4 кызматкер тартылган.
Сел каналдын ичин шагыл-таштардан тазалап, кеңейтүү иш аракеттеринин натыйжасында 27 турак жай, 1 мектеп, 1 мечит, 1 көпүрө жана жер тилкелери корголмокчу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР