Жаңылыктар
28.03.2025 00:03
Кароолор: 194
АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА КАТУУ ШАМАЛДЫН КЕСЕПЕТТЕРИ АНЫКТАЛУУДА
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 27-март күнү саат 08:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен турак жайлардын чатыры учуп, автоунаалар оодарылган.
Тактап айтканда, Ат-Башы айыл аймагына караштуу Ача-Кайыңды айылында 2 турак үйдүн, 1 кампанын, Ат-Башы айылында 1 турак үйдүн бастырмасынын, Ак-Жар айылында 1 турак үйдүн, Кара-Суу айылында 7 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен. Ошондой эле Ача-Кайыңды айылында убактылуу жашоочу жайдын (времянка) дубалы кулаган.
Мындан сырткары Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 479-527-528-530-чакырымдарында токтоп турган 5 оор жүк ташуучу унаа оодарылып жыгылып калган. Оодарылган 2 жүк ташуучу унаалар айдоочулардын жардамында тургузулган, калган 3 унаанын ээлери жардамдан баш тартышкан.
Кошумча тактоо иштери бүгүн, 28-март күнү улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР