Жаңылыктар
27.03.2025 13:33
Кароолор: 224
АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА КАТУУ ШАМАЛ ТУРАК-ЖАЙЛАРДЫН ЧАТЫРЫН УЧУРДУ
Нарын облусунун Ат-Башы районунда бүгүн, 27-мартта ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду.
Тактап айтканда, Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз "112" кызматына билдирүүнү эскертет! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР