Жаңылыктар
13.08.2026 16:34
Кароолор: 45
АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА ЧЕТ ЭЛДИК ТУРИСТКЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ
2026-жылдын 13-августунда Нарын облусунун Ат-Башы районунда чет элдик туристке жардам көрсөтүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча, «Пик Данкова» чокусу тарапта мотоцикли менен калып калган П. К. А. аттуу Нидерланд Королдугунун жараны жардам сурап кайрылган.
Окуя болгон жерге Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, туристке жардам көрсөтүлдү. Куткаруучулар туристти коопсуз жерге түшүрүп, анын мотоциклин да тоодон түшүрүп беришти.
Турист куткаруучуларга көрсөтүлгөн жардамы жана ыкчам иш-аракети үчүн ыраазычылык билдирип, Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерине видеокайрылуу аркылуу өзүнүн жылуу каалоо-тилектерин билдирди.