Жаңылыктар

02.06.2025 18:40

   Кароолор: 241

АТ-БАШЫ: КАР ТҮШКӨН ӨРӨӨНДӨРДӨ АБАЛ ТУРУКТУУ. БАЙЛАНЫШ БАР

Ат-Башы районунун Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүндө учурда абал туруктуу. Бүгүн, 2-июнда ӨКМдин Нарын башкармалыгынын куткаруучулары өздөрү менен чөп жүктөй барып, малчылардан кайрадан кабар алышты.

1500дөй кою менен жайлоого эртелей чыккан чабан аба ырайы катаалдагандыктан, кечээ 1-июнда малы менен ылдый түшкөн. Бул күнү жайлоодо калып калган чабандардан кабар алып, ӨКМдин Нарын башкармалыгынын куткаруучулары жардам беришкен.

Белгилей кетсек, Арпада кардын калыңдыгы 20-25, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр кар түштү, абал туруктуу жана тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.

Бул өрөөндөрдө чабандар менен байланыш бар. Тоютсуз калган малга мал ээлери тоют жеткирип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатышат.

Эске салсак, ӨКМ аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу шашылыш билдирүүлөрдү алдын ала таркатып, жергиликтүү бийликтегилерге Жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик техникалары ыкчам даярдыкта кармоону эскертишкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу