Жаңылыктар

01.03.2025 13:13

   Кароолор: 273

“АТ-БАШЫ” ГЭСтеги МАШЫГУУ... ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ДАЯРДЫГЫ

Адам баласынын жашоосунда кырсыктар, өзгөчө кырдаалдар айттырып келбейт. Ар бир жаран буга даяр болуусу зарыл. Күтүлүүчү кырдаалдарга даяр болуу ар бир тармактын милдети.

Кырсык катталган райондун Жарандык коргонуу тутуму өзгөчө кырдаал учурунда өз ара аракетке келүүсү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, жарандарды эвакуациялоо, коопсуз жайларга жайгаштыруу, гуманитардык жардамдарды топтоо, аны таркатуу жол-жоболору жана документтерди толук кандуу ишке киргизүү сыяктуу иш-чараларды тажрыйба жүзүндө аткарышат.

Бул жолу Нарын облусуна караштуу Нарын районунун жарандык коргонуу даярдыгы каралды. Атайын түзүлгөн сценарийде “Ат-Башы” ГЭСинде жер титреди. Тактикалык машыгууда өзгөчө кырдаал коркунучунда жана катталган учурда ишкананын иш-аракети такталды.

Машыгуунун алкагында ишкананын жарандык коргонуусу, өрт коопсуздугу каралып, кетирилген кемчиликтерге усулдук жардамдар көрсөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу