Жаңылыктар

23.05.2024 12:55

   Кароолор: 616

“АТ-БАШЫ” ГЭСинде ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү бекиткен негизиги иш-чаралар планына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы кечээ, 22-майда “Ат-Башы” ГЭСинде “Жер титирөө жана өрт кырсыгы” аталышында өрт-тактикалык машыгуусун өткөрдү.

Анын алкагында электр станциясынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдардын жүрүшүндө коргоо иштерин уюштуруу, медициналык жардам көрсөтүү жол-жобосу көрсөтүлдү. Куткаруучулар жер титирөө, өрт кырсыгы болгон учурда эвакуациялоо маселелерин тажрыйба жүзүндө үйрөтүштү.

Өрт тактикалык машыгууга ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 5 офицер, Нарын шаары жана Нарын району боюнча ӨКБдан 10 куткаруучу, Ат-Башы ГЭСтен 60 кызматкер, 14 ыктыярдуу өрт кошуундан 14 жана 3 медицина кызматкери катышышты.

КРӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу