Жаңылыктар

09.06.2025 11:49

   Кароолор: 99

АТ-БАШЫ: "ПАРТНЁР НЕФТТЕ" ӨРТ- ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Өткөн аптада Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы Ат-Башы айылынын түндүгүндөгү "Партнёр Нефть" май куюу бекетинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда жайгашкан май куюу бекетинде өрт коопсуздугун сактоо, эгер кырсык катталса эвакуация жүргүзүү, өрттү өчүрүү тактикасы, эрежеси тажрыйба жүзүндө көрсөтүлдү.

Машыгууда кызматкерлер коопсуздук эрежелерин сактоону, өзүн алып жүрүүнү жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну үйрөнүштү.

Өрт кырсыгы “101" жана "112” кызматына чалууну эскертишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу