Жаңылыктар
09.06.2025 01:18
Кароолор: 256
АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору күжүрмөн жана атайын даярдык абалын баалоо боюнча аскер кызматкерлери кышкы окуу мезгилинин жыйынтыгын чыгарууда.
Өздүк курам кесиптик жана дене тарбиялык жактан өз даярдыгын көрсөтүп, аралыкка чуркоо, жерден түртүлүү (отжимание), турникке тартылуу, радиациялык жана химиялык уулуу заттардан коргонуу каражатын кыска убакытка кийип, өздөрүн сынашты.
Текшерүүдө өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу, аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы бааланды. Ошондой эле, саптык даярдык жана кесиптик билими боюнча да сынак тапшырышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР