Жаңылыктар
24.07.2024 19:10
Кароолор: 246
АРСТАНБАП: СЕЛДЕН КИЙИНКИ ТАЗАЛОО ЖУМУШУ АЯКТОО АЛДЫНДА
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов ыкчам жыйын өткөрүп, жарандык коргонуу кызматтарынын аткарган жумушуна баа берип, айрым маселелер талкууланды.
Өз кезегинде Арстанбап-Ата айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюуда ЖК кызматтары, элдик кошуун жогорку деңгээлде иш алып барганы баса белгиленди.
Мындан сырткары ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан сел суулар көп түшкөн аймактарга изилдөө жүргүзүлдү. Натыйжада сел сайдын коргоочу зонасында жана нугунда курулган коомдук кызмат көрсөтүүчү объектилер бар экени аныкталып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коргоочу жерлерди тазалоо менен ирээтке келтирүү талабы коюулду.
Ал эми селден жабыркаган турак жайлар, социалдык объектилер, ички чарбалык жолдор кол каражаттары жана инженердик техникалардын жардамында 90% тазаланып бүткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР