Жаңылыктар
24.07.2024 13:40
Кароолор: 239
АРСТАНБАП-АТА: СЕЛ КАПТАГАН АЙМАКТЫН 60% ТАЗАЛАНДЫ
Саат 13:00 гө карата Арстанбап-Ата айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер тартылып, сел каптаган аймактардын 60% тазаланып бүткөрүлдү.
Мындан сырткары 14 инженердик техника, 13 атайын техника тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.
Сел суулар каптаган 9 турак жайдын ээлерине Кызыл Ай коому тарабынан гигиеналык каражаттар таратылып берилүүдө.
Жеринде ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов координациялык жумуштарын жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР