Жаңылыктар

04.07.2025 01:00

   Кароолор: 239

АРЧА-БЕШИКТЕ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ СААТ 00:32де ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик конушунда жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 00:32де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар катталган жок, өрттүн жалпы аянты болжол менен 200 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, маалымат түшөрү менен өрттү өчүрүүгө саат 21:51де Ленин райондук №28 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 21:59да Ленин райондук №6 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм жана штабы тартылып, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жеринде иш алып барды.

Алардын ыкчам аракетинин натыйжасында өрт саат 22:45те чектөөгө алынып, саат 00:32де толук өчүрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу