Жаңылыктар
22.03.2024 12:26
Кароолор: 1419
АРЧА-БЕШИК КОНУШУНДА ТУРАК ҮЙЛӨРДҮ СУУ КАПТАП, ТАЗАЛОО ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
АРЧА-БЕШИК КОНУШУНДА ТУРАК ҮЙЛӨРДҮ СУУ КАПТАП, ТАЗАЛОО ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
2024-жылдын 21-мартында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен, 22-мартты караган түнү Манка-Жар коктусундагы селтосмодон суу ашып, Арча-Бешик конушунун айрым көчөлөрүндөгү турак үйлөрдү суу каптаган.
Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Э. Жусупов жетектеген ыкчам топ, Ленин РМАнын башчысы-акимдин башчылыгында 5 кызматкер, РЭТтен 1бригада, "Бишкек Жашылдандыруу" ишканасынан 1 экскаватор, 1 камАЗ жана 20 кызматкер тартылган.
Түнү менен таштандыга толуп калган дренаж каналдар тазаланып, турак үйдүн короолоруна кирген суулар сордурулган.
Тактоо иштеринин натыйжасында, Арча-Бешик конушунун Азем көчөсүндөгү 6 үйдү, Кара-Кужур көчөсүндөгү 14 үйдү, Жайыл баатыр көчөсүндөгү 4 үйдү, Шербет көчөсүндөгү 8 үйдү суу каптаган.
Анын ичинен Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосунда суу топтолуп калган.
22-март, саат 12:00гө карата ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жана Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 кызматкер 2 мотопомпа менен , Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынан 5 кызматкер, Батыш РЭТтен1 бригада, Бишкек жашыл чарба ишканасынан 2 атайын техника тартылып, Азем жана Бердибаев көчөсүндөгү эки үйдүн короосундагы суу сордурулуп бүттү.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР