Жаңылыктар

28.04.2024 10:50

   Кароолор: 74

АРЧА-БЕШИК КОНУШУ СЕЛ ЖҮРҮҮ КООПТУУЛУГУНАН ЖОЮЛДУ

Кечээ, 27-апрель күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, МЭРИЯ жана Ленин райондук администрациясы менен биргеликте аткарылган иш-чараларды көзөмөлгө алып, Арча-Бешик конушунун тургундары менен сүйлөшүштү.

Анткени жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Маңка-Жар коктусуна жакын жайгашкан турак жайларды сел суусу каптап келген.

Бул жолу да Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери сел топтоочу эки жайда механикалык тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө аталган биринчи тилкеде селдин үстүнкү калдыктары тазаланып, 1565 метр куб , экинчи тилкеден 1500 метр куб топурак чыгарылган.

Ошондой эле экинчи тилкеде тазалоо иштери улантылууда.

Учурда Арча-Бешик конушунда сел жүрүү коркунучу жок.

Ал эми бүгүн, 28-апрель күнү Маңка- Жар сел тосмосунда мотопомпа менен сууну сордуруу иштери жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу