Жаңылыктар

29.10.2024 18:56

   Кароолор: 270

“АРАЛ” ЖАНА “СОСНОВКА” ПОСТУНА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн саат 14:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди.

Ошондой эле Бишкек – Ош унаа жолундагы Жайыл районунун "Сосновка" посту саат 13:00дөн тартып убактылуу жабылды.

Мындай чектөөлөр жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу