Жаңылыктар

14.11.2024 09:06

   Кароолор: 82

“АРАЛ” жана “СОСНОВКА” ПОСТТОРУ АЧЫЛДЫ

Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул районундагы “Арал” постунда саат 07:30да, ал эми Жайыл районундагы "Сосновка" постунда саат 09:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды.

Белгилей кетсек, унаа жолдор тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ, 13-ноябрда кечке маал оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу