Жаңылыктар
07.01.2025 19:56
Кароолор: 376
АРАЛ ЖАНА СОСНОВКА ӨТКӨРМӨ БЕКЕТТЕРИНДЕ УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ
Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгынын болтурбоо максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинде саат 19:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Мындан сырткары Токтогул районунун "Арал" өткөрмө бекетинде саат 19:45де оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Урматтуу жарандар! Унаа жолдогу абал боюнча жана кырсык болгон учурда "112" номерине чалууга чакырабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР