Жаңылыктар

19.02.2025 08:04

   Кароолор: 450

“АРАЛ” ПОСТУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 19-февралда саат 08:00дө алынды.

Бишкек - Ош унаа жолунда бороон болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ, 18-февралда саат 19:30да №23 ЖТИнин сунушу менен убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу