Жаңылыктар

31.12.2024 10:31

   Кароолор: 432

“АРАЛ” ПОСТУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 31-декабрь күнү саат 09:20да алынды.

Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кечээ саат 20:49дан тартып (№23 ЖТИнин сунушу боюнча) убактылуу жабылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу