Жаңылыктар
23.01.2025 10:51
Кароолор: 542
“АРАЛ” ПОСТУНДА ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ, УНААЛАРДЫН БАРДЫК ТҮРҮ ӨТҮҮДӨ
Бишкек–Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 23-январь күнү саат 10:15те алынды.
Белгилей кетсек, кечээ жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 06:30дан тартып №23 ЖТИнин сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилген болчу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР