Жаңылыктар
20.11.2024 18:12
Кароолор: 301
“АРАЛ” ПОСТУ ООР ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗДИ
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө бүгүн, 20-ноябрда саат 17:55тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №23 жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу жабылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР