Жаңылыктар

10.01.2025 11:20

   Кароолор: 450

“АРАЛ” ПОСТУ АЧЫЛДЫ

Бишкек – Ош унаа жолунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 10:50дө алынды.

Кечээ, 9-январда №23 ЖТИнин сунушу боюнча Бишкек – Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун “Арал” постунда саат 20:20дан тартып оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө кирген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу