Жаңылыктар

13.11.2024 14:04

   Кароолор: 366

“АРАЛ” ПОСТУ АЧЫЛДЫ

Бишкек – Ош унаа жолунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 12:50дөн тарта алынды.

Чектөө бүгүн, 13-ноябрда таң эрте жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу