Жаңылыктар
21.11.2024 10:03
Кароолор: 983
“АРАЛ”, "СОСНОВКА" ПОСТТОРУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ
Бишкек – Ош унаа жолундагы "Арал" жана "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:30да алынды.
Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда кечке маал Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында убактылуу жабылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР