Жаңылыктар
07.04.2026 17:53
Кароолор: 8
АР БИР КОМАНДИР — ӨЗ ДООРУНУН ЖҮЗҮ...
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында тоосунда тоңуп, курал кармап, элди жерди коргогондордун курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары да болгон.
Мына ушундай коогалаңдан кийин Баткен облусунун аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринен калкты жана аймакты сактоо, кырсыктан куткаруу максатында 2000-жылдын 25-апрелинде Баткен районунун Кызыл-Жол айылында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86017 аскер бөлүгү түптөлгөн.
Бул аскердик бөлүк Үчүнчү издөө-куткаруу отряды аталып, жаңы тарых барактарын мындан 26 жыл мурда ачкан.