Жаңылыктар
29.06.2024 16:42
Кароолор: 476
АПШЫР-САЙДЫН 1300дөн АШУУН ЭС АЛУУЧУСУ ЭВАКУЦИЯЛАНДЫ
ӨКМден тартылган тик учактын жардамында 2 каттам менен Ноокат районунун Апшыр-Сай эс алуу жайынан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 жаш бала) Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 жаш бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жайгаштырылды.
Жарандар жеринде медицина кызматкерлеринен кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди.
Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылган. Апшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок. Эвакуциялоо , куткаруу иши аяктады.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР