Жаңылыктар

29.06.2024 07:09

   Кароолор: 175

АПШЫР-АТАДАН ЖАРАНДАР ЭВАКУАЦИЯЛАНУУДА

2024-жылдын 28-июнь күнү жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Апшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн.

Ноокат шаардык №71 ӨККБдан жана Кызыл-Кыя шаардык ӨКБнөн 10 куткаруучу капитан Акматалиевдин башчылыгында унаасы менен саат 22:02де чыгып, саат 22:50дө жетишип издөө иштерин башташкан. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган.

Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, үч чакырым жерди суу алып кетип ошол суудан өтүшкөн.

Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калып калгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда жеринде куткаруу жана издөө иштери уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу