Жаңылыктар

20.01.2025 13:17

   Кароолор: 548

АППАРАТТЫК ЖЫЙЫНДА АДАМ ӨМҮРҮН САКТАП КАЛГАН ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АЛКЫШ ЖАРЫЯЛАНДЫ

 

Бүгүн министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде аппараттык жыйын өтүп, ага аймактык башкармалыктар, министрликке караштуу мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, өздүк курам катышты.

Министр адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо ӨКМ кызматкерлеринин ар биринин башкы милдети экенин белгилеп, өрт кырсыгынын алдын алууну, алдыда мерчемделген иш-пландын негизинде мекеме-ишканаларды, эл көп каттай турган соода түйүндөрүн жана башка жайларды тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды.

Жыйында министр Бообек Ажикеев кечээ, 19-январда Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт кырсыгында жашоочуларды эвакуациялап, кыска аралыкта тилсиз жоо менен күрөшкөн өрт өчүрүүчүлөргө алкыш жарыялады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу