Жаңылыктар
20.01.2025 18:53
Кароолор: 700
АПААТТЫК МЕДИЦИНА КЫЗМАТЫНДА “АЧЫК ЭШИК КҮНҮ” ӨТТҮ
Бүгүн Өзчө кырдаалдар министрлигине караштуу жаңы түзүлүп жаткан Апааттык медицина кызматында “Ачык эишк күнү” өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, АКШ Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун, Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү катышышты.
Анда Азат Боталиев жаңы түзүлүп жаткан кызматты мындан ары да өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууга токтолду. Анын айтымында, климаттык шарттары өзгөрүлмөлүү өлкөдө ар кандай апааттык кырдаалдарга, адам өмүрүн сактоого даяр туруу зарылдыгын айтып, кызматты мындан ары да өнүктүрүү үчүн кызматташуу оюн билдирди.
Белгилей кетсек, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен табигый жана техногендик апааттар учурунда жабыркаган адамдарга токтоосуз, ыкчам түрдө медициналык комплекстүү жардам көрсөтүү максатында атайын кызмат түзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР