Жаңылыктар
21.11.2024 12:33
Кароолор: 556
АНОНС! ТҮЗ ЭФИР
Тема: Өрт коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн 1 миллион сомго чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү менен өрт коопсуздук эрежелерин бузган жактарга айып пулдун өлчөмүн 1 000 000 сомго чейин көтөргөн мыйзам долбоору сунушталууда.
Аталган мыйзам долбоорунун максаты, милдеттери, жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги жана башка суроолорго кеңири маалымат берүү максатында 22-ноябрь күнү, саат 10:00дө “МЧС КЫРГЫЗСТАНА” facebook, Instagram баракчасынан түз эфирди көрүүгө чакырабыз.
Түз эфирде сиздердин суроолоруңуздарга Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов жооп берет. Ал эми суроолоруңуздарды 0701721547 whatsapp номерине жана түз эфирде комментарий катары калтырсаңыз болот.
Белгилей кетсек, жыл сайын республика боюнча 4000-6000ге чейин өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 50дөн ашуун адам каза болуп, 1 миллиард сомдон ашык экономикалык зыян алып келет. Ошондой эле талдоонун негизинде өрт кырсыктарынын басымдуу пайызы тамактануучу жайларда, ири соода борборлорунда, базарларда май куюучу станцияларда ж.б коомдук жайларда катталган. Ал эми учурдагы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 143-беренесине ылайык өрт коопсуздук эрежелерин бузган жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынат. Бул айып пулду салуу менен натыйжа бербей келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР