Жаңылыктар

04.08.2025 21:45

   Кароолор: 324

АМАН КАЛГАН ЖАШ ӨМҮР... ӨКМдин СУУЧУЛДАРЫНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК...

ӨКМдин Суучулдар кызматынан билим алган "Жанат resort Ош" эс алуу жайынын куткаруучулары болжол менен 7-8 жаштагы баланы аман алып калышкан.

Тагыраагы, 29-июлда саат 18:10 чамасында Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүн аралап өткөн каналдан бала агып бара жатканын көрүшкөн.

Рысмамат уулу Алтынбек, Жусуев Саян аттуу куткаруучулар балага медициналык жардам көрсөтүп, "тез жардам" кызматына беришкен.

Мындай маалыматты ӨКМдин Суучулдар кызматынын окутуучусу Кумар Ибраевге ыраазычылык билдирүү менен өз видеолорун жөнөтүшкөн.

Белгилей кетсек, Суучулдар кызматы 400дөн ашуун суудан куткарууга кызыккан жаштарды окутуп, аларга тастыктама берип келишет. Алар тастыктама менен каалаган суу бассейндерде, көлмөлөрдө иштей алышат.

Быйыл да дал ушундай билим алган куткаруучулар 40 адамдын өмүрүн сактап калышкан⤵️

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу